Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Жээнбеков: Ошто газдын өчүшү саясий маселе


Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков Ошко үч жарым айдан бери газдын берилбей жатышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий маселеге айланганын айтты. Бул тууралуу спикер бүгүн парламенттин төртүнчү жылынын иш жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди. Жээнбеков Кыргызстандын карызы жок экенине карабай, өзбек тарап газ берүүнү токтотуп койгону саясий себептерге такалып жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңеш Өзбекстандын парламенти менен сүйлөшүү аракети болгонун, бирок коңшу өлкөдө парламенттин ролу Кыргызстандагыдай эместигине байланыштуу андан майнап чыкпаганын кошумчалады. (SE\BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG