Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Баатырбеков: “Республикага” кайтканыбыз тууралуу билген жокпуз


Жогорку Кеңеш депутаты Алмазбек Баатырбеков өзү менен кошо дагы эки фракциялашы “Республика” курамына кайра киргизилгени жөнүндө расмий билдирүү ала электигин “Азаттыкка” билдирди.

Парламенттеги башка депутаттык топторго мүчө болгондуктан “республикачылар" өткөн жылдын 15-майында атайын чечим менен Шаршенбек Абдыкеримовду, Алмазбек Баатырбековду жана Элмира Жумалиеваны фракциядан чыгарган болчу. 1-июль күнү кезексиз жыйын уюштурулуп, аталган чечим жокко чыгарылган.

- Ал жөнүндө бизге эч кандай билдирүү беришкен жок. Фракциядан чыгаруу боюнча чечимди да бизге айтпай эле чыгарышкан, - деди Баатырбеков.

Ал эми “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров аларга атайын билдирүү берилгенин “Азаттыкка” маалымдады.

Саясий серепчилер фракцияда талаштуу жагдай жаралганын айтып жатат. 30-июнда “республикачылар” жыйын куруп, фракция лидери Максат Сабировдун ордунда Абдыжапар Бекматов шайланганын кабарлашкан. Бирок Сабиров бул чечим мыйзамсыз экенин, ал өз ордунда иштеп жатканын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG