Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Баткенде сугат суу маселеси көйгөй жаратууда


Баткен облусунда 70 суу сордургучтун 34ү иштебей турат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыка” билдиришти. Аймакта жалпысынан сугат суу менен камсыздоо жана жер астындагы суу деңгээлин төмөндөтүү максатында курулган суу сордургучтардын (скважина) дээрлик жарымы иштебей калгандыктан көйгөй жаралып, кээ бир аймактарда жер астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп жатат.

Адистер буга тетик сатып алууга мамлекет тарабынан каржылоо жетишсиз болуп жатканы себеп экенин айтууда.

Баткен облусундагы жалпы 35 миң гектар айдоо аянтынын 20 пайызы атайын насостук станция жана суу сордургучтардын жардамы менен сугарылат. (JsA)

XS
SM
MD
LG