Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

ЖК төрагасы кумсаларга каршы мыйзам долбоорун колдойт


Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков сексуалдык азчылыктын укугун пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун колдойт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин соңку 10 ай ичиндеги иш жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтты. Жээнбеков айрым Батыш өлкөлөрүндөгү сыяктуу бир жыныстагы никелердин көбөйүшү кыргыз коомчулугунун менталитетине жат көрүнүш экенин белгиледи:

- Биз Батыштын жакшы тарабын өзүбүзгө сиңиришибиз керек. Кумсаларды камайлы дегенден алыспыз. Алар аша чаппашы керек, өздөрүнүн турмушу менен жашай берсин. Бирок коомчулук арасында пропаганда жүргүзүп, катарын көбөйтүүгө аракет кылбасын. Бул менин жаран катары пикирим. Мыйзам кабыл алынабы, жокпу, убакыт көрсөтөт, бул маселеге басым жасабайм.

Кумсаларга тыюу салган мыйзам долбоорун депутат Курманбек Дыйканбаев демилгелеген. Аны парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети жактырган. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG