Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Украинадагы кризис Берлинде талкууланат


2-июлда болчу кездешүүгө Украина, Орусия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү катышат. Бул жөнүндө Батыш агенттиктери Франциянын дипломаттык булактарына шилтеп кабарлашты. Украин армиясы 30-июнда ок атышпоо мөөнөтү бүткөндөн улам өлкө чыгышында орусиячыл жикчилдерге каршы чабуулун улантууда.

Салгылашуулар БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мунду тынчсыздандырганын анын өкүлү Стефан Дужарик 1-июлда Нью-Йоркто билдирди:

- Баш катчы Украинанын чыгышында уруштун кайра уланганы жөнүндө кабарларга өтө кооптонуу менен көз салууда. Ал украин президенти Петро Порошенконун бир жактуу ок атууларды токтотуу жараяны такыр аткарылбаганына аябай кыжаалат болду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтышынча, Порошенконун ок атышпоо чечимин улантпай коюусу украин мамлекети үчүн күтүлбөгөн жаңы кан төгүүлөргө алып барат. Лавров мындай оюн АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен болгон телефон сүйлөшүүсү кезде билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG