Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Саркози коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүүдө


Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози коррупцияга аралашкан жана кылмыш ишин тергөөгө жол бербөө үчүн аброюн пайдаланган деп күнөөлөнүүдө. Мындай бүтүм Саркози камакка алынып, 15 саат сурак бергенден соң жасалганын Франциянын прокуратурасы билдирди. Саркози 1-июлда Париждин ныптасындагы Нантер шаарына суракка чакырылган. Анын адвокаты жана нантерлик эки чиновник 30-июнда кармалып, сурак беришкен. Француз медиасынын кабарлашынча, 59 жаштагы Саркози башка бир иш боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу магистратурадан маалымат алган деп шектелүүдө.

Оболу Саркози 2007-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафиден жардам алган деп шектелип жаткан.

Николя Саркози Франциянын кылмыш жасады деп шектелип, камакка алынган биринчи экс-президенти.

XS
SM
MD
LG