Ооганстандын президенттигине талапкер Абдулла Абдулла шайлоо жыйынтыгын жарыялоону кийинкиге калтырылышын жактады. Абдулла атаандашы Ашраф Ганини, президент Хамид Карзайды жана шайлоо комиссиясын добуштарды бурмалашты деп айыптап, 14-июндагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып жаткан. Анын корутунду жыйынтыгы 2-июлда жарыя кылынмак.
- Шайлоодо эбегейсиз масштабда бурмалоолор болгонуна элдин баары макул, анын жыйынтыгын жарыялоону токтото туруу талаштуу бюллетендерди текшерүүгө мүмкүндүк берет, - деп билдирди Абдулла 1-июлда.
БШКнын төрагасы Ахмед Нуристанинин билдиришинче, беш күч ичинде 30 провинциядагы 1900дөй шайлооканада добуштар кайра саналат.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри 1-июлда Карзайга телефон чалып, президенттикке талапкердин талабына көңүл бурууну сураган.