Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Кыргызстан Батукаевди алып келүү амалында


Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006
Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев Орусиянын Түндүк Осетия республикасында кармалды.

Кыргызстан бийлиги бул маалыматты ырастап, аны алып келүү аракеттери көрүлө турганын айтууда. Азиз Батукаев былтыр апрель айында "айыккыс ооруга чалдыкты" деген негизде сот чечими менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бирок сот ал чечимин быйыл жокко чыгарып, Батукаевге кайрадан издөө жарыяланган болчу.

Оторбаев: Батукаев Кыргызстанга алып келинет

Азиз Батукаев кармалганын алгач Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты. Аны кийин Кыргызстандын расмий адамдары да ырастады.

2-июлда Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы түрмөнүн абалы менен таанышканы барган премьер-министр Жоомарт Оторбаев да ошол жерден журналисттерге Батукаев Кыргызстанга экстрадициялана турганын айтты:

- Биз аны кайра Кыргызстанга алып келишибиз керек. Кармалды деп азыр биз да угуп жатабыз. Эл аралык келишимдердин негизинде аны экстрадициядоо маселеси да көтөрүлөт.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Азиз Батукаевди 30-июнда Түндүк Осетиядан кармаган. Бул тууралуу айткан Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев аны Кыргызстанга өткөрүп алуу аракеттери көрүлө тургандыгын билдирди.

Оторбаев: Батукаевди алып келишибиз керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Ооруп-оорубай калган Батукаев

Өткөн жылдын 9-апрелинде он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди абактагы жарым мөөнөтү бүтө электигине карабай "айыккыс ооруга чалдыкты" деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Бул 2013-жылдын эң чоң саясий жана чуулуу окуясы катары талкууланып, президенттин, өкмөттүн атына дооматтар коюлган. Бирок быйыл апрель айында Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүнүн негизинде Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарган эле. Ага Батукаевдин тез аранын ичинде өлүмгө жеткире турган ооруга чалдыккандыгы күмөндүү экендиги себеп болгон.

Ушундан кийин Азиз Батукаевге кайрадан эл аралык издөө жарыяланып, Орусияга да маалымат жөтөтүлгөн. Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун билдиришинче, Батукаев ошол издөө жарыялоонун негизинде кармалган:

- Азиз Батукаев мурдагы “соттолду” деген макамына кайтарылган. Өзүнүн жазасын акырына чейин өтөмөйүнчө камакка алыныш керек деген чечим чыгарылган. Ошондуктан ага издөө жарыяланган болчу. Ошол издөөнүн алкагында кармалып отурат.

Ошол эле кезде Башкы прокуратура Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча да кылмыш ишин козгогон. Учурда аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат. Темирбек Бекмамат уулунун айтымында, Батукаевдин организминен кан алып, салыштырып көрүү зарылчылыгы болгондуктан, тергөө акырына чыкпай турат. Ошондон кийин гана күнөөсү бар тиешелүү аткаминерлерге айып коюлушу мүмкүн.

- Бул жерде экспертиза өткөрүү керек. Экспертиза болсо Батукаевдин организминен алынган үлгүнүн негизинде жүргүзүлүшү керек болчу. Аны бул жакка алып келип, анан алабыз.

3-4 чиновник соттолуш керек

Жогорку Кеңеш былтыр 30-майда атайын токтом кабыл алып, бир катар жогорку жана орто кызматтагы адамдарды кызматтан алууну өкмөт менен президенттен талап кылган болчу. Анда күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева баштаган ар кайсы деңгээлдеги ондон ашуун аткаминердин аты аталган. Бирок булардын ичинен бири да дал ошол Батукаев иши боюнча айыптуу деп табылып, кызматынан кеткен жок. Башка себептерге байланыштуу деп кызматынан алынгандар болгону менен, айрымдары күнү бүгүн да иштеп келүүдө.

Болгону Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Турсунбек Акунду гана Батукаев маселесине такап, кызматынан кетирген болчу. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков буларды айтат:

- Батукаевди качырышканын Кыргызстандын баары билет. Аны бир гана адам эмес, бир топ аткаминерлер биригип алып качырышкан. Жогорку Кеңештин чыгарган токтому туптуура. Анда алардын күнөөлүү экени так көрсөтүлгөн. Аларга карата кылмыш иши козголушу зарыл. Эми 3-4 чиновник кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек.

Жогору Кеңештин токтомунун негизинде, Батукаевди мыйзамсыз бошотууда чиновниктердин тиешелүүлүгүн иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия да түзүлгөн болчу. Бирок өкмөттүк комиссия акыркы сөзүн укук коргоо органдарынын иликтөө иштеринин жыйынтыгына жараша айта турганын билдирип келе жатат.

XS
SM
MD
LG