Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Ирак: Согушкерлер орозодо "от алууга" үндөдү


"Ирактагы жан Леванттагы ислам мамлекети" радикал тобунун желегин булгалаган ирактык жаран. 29.06.2014
"Ирактагы жан Леванттагы ислам мамлекети" радикал тобунун желегин булгалаган ирактык жаран. 29.06.2014

Ирак менен Сириянын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган суни согушкерлер тобу дүйнө мусулмандарын жардам берүүгө чакырды. Ал эми Багдадда жаңы парламент төрагасын шайлай алган жок.

Интернеттеги аудио билдирүүсүндө «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачыл уюшманын жетекчиси Абу Бакир ал-Багдади өзүн «дүйнөдөгү бардык мусулмандардын халифимин» деп тааныштырды.

Билдирүү ирак күчтөрү левантчылардан түндүктөгү Тикрит шаарын кайра тартып алуу үчүн согушуп жаткан маалда интернетте жарыяланды. Аталган уюшма андан эки күн мурда өзү көзөмөлдөгөн аймактарда исламдык халифат жарыялаган эле.

19 мүнөттүк билдирүүсүндө Багдади халифат «бардык мусулмандар үчүн улутуна карабай мекен болот, аларга аброй, күч, укук берет» деди. Ал окумуштууларды, сотторду, дарыгерлерди, инженерлерди, аскерлерди, айтор исламдык мамлекет куруу үчүн зарыл болгон кесипкөй адамдарды Иракка келүүгө чакырды. Багдади ошондой эле 29-июнда башталган ыйык орозо айында согушту күч алдырууга үндөдү.

Ал арада Багдадда ирактын жаңы парламенти спикерин шайлай албай тарады. 1-июндагы жыйында төраганын кызматын аткарып жаткан Мехди ал-Хафид депутаттарга «мунаса болсо, жыйын келерки аптада» улантылаарын кулак кагыш кылды.

Кийинки жыйынга чейин депутаттар жаңы спикерге талапкерлерди талкуулаары күтүлөт. Адатта бул кызматта суни мусулман, орун басарлары шийи жана күрт болот.

Парламенттин шейшембидеги жыйынына 255 депутат келген. Ирак парламентинде бардыгы 328 депутат бар. Бирок түшкү тыныгуудан кийин залга 75 депутат гана кайтып келди. Кайткандар негизинен шийилер менен сунилер болду.

АКШда Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Өрнест бул жыйын чоң мааниге ээ экендигин билдирди:

- Ирактын жаңы парламенти план боюнча бүгүн ишин баштаганы чоң мааниге ээ. Бирок Ирактын жаңы жетекчилери учурдагы катаал кырдаалга жараша өтө тездик менен аракет кылышы зарыл болуп турат. Анткени Ирак мамлекети азыр согушкерлердин коркунучуна туш келүүдө.

Ал арада Ирактын автономдуу күрт аймагынын башчысы Масуд Барзани алдыдагы айларда көз карандысыздык референдумун өткөрөөрүн бышыктады.

Би-Би-Си менен маегинде Барзани Ирак иш жүзүндө бөлүндү болуп калгандыктан, референдум өткөрүүгө убакыт келгенин айтты.

«Биз Курдистанда референдум өткөрөбүз, элибиздин чечимин сыйлайбыз, башкалар да аны сыйлайт деп ишенебиз» деди ал.

Барзани акыркы чечим Курдистандын парламенти тарабынан кабыл алынаарын кошумчалады.

30-июнда АКШнын президенти Барак Обама Ирактагы америкалыктарды жана америкалык элчиликти коргоо үчүн дагы 300 аскер жиберилип жатканын айткан. Аларды кошкондо Ирактагы америкалык аскерлер менен кеңешчилердин саны дээрлик 800гө жетет.

XS
SM
MD
LG