Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Казакстанда адвокат кайрадан психиатриялык ооруканага жаткырылды


Адвокат Зинаида Мухортова 2-июлда Балхаш шаарындагы психиатриялык ооруканага мажбурлап жаткырылды. Зинаида Мухортованы тууганына келген жерден кармап кетишкен. Ал 3-июлда Орусияга кайра кетиш керек эле.

Мухортованын айланасында мындай иштер 2009-жылы “Нур-Отан” партиясынын депутаты боюнча арызданып, президент Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жазгандан кийин башталган. “Жалган жалаа жабуу” беренеси боюнча Мухортовага кылмыш иши козголуп, психиатриялык диагноздун негизинде кылмыш жазасынан бошотулуп, мажбур түрдө дарылоого жөнөтүлгөн. Эл аралык укук коргоо органдары ага саясий кызыкчылыктар менен айып коюуну токтотууга казак өкмөтүн чакырган. (AiT)

XS
SM
MD
LG