Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Ниязов: Кыргыз-тажик кызматташтыгынын келечеги кең


Президенттин жарлыгы менен Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мирослав Ниязов элчилик кызматында аткара турган максаттары тууралуу буларды билдирди:

- Эки мамлекет стратегиялык өнөктөш. Алдыда чоң-чоң иштер бар. Гидроэнергетикалык потенциалды кошуп, сыртка чогуу сатканга аракет кылууга, энергетиканы көп керектөөчү металл өндүрүүгө аракеттенишибиз керек. Келечек абдан чоң.

Ниязовдун айтымында, бул потенциалды натыйжалуу пайдалануу үчүн чек ара, суу, жер маселелерин чечип алыш керек. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Жаныш Рустенбеков кечээ Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG