Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жүрүүдө


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2-июлда тажик вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон жетектеген делегация Бишкекке келип, ошол эле күнү кыргыз-тажик сүйлөшүүсү башталды. Кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектөөдө. Маалыматка караганда, бүгүн эки тарап чек араларды делимитациялоо, чектеш аймактарда жол, көпүрө куруу жана май айындагы кагылышуу учурунда зыянга учураган кыргыз жарандарынын мүлкүн калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү улантат.

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү 19-июнда Баткенде башталып, тажик тарап чечим кабыл алуу үчүн убакыт сураган эле. 2-июлда мына ошол сүйлөшүү улантыла баштады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG