Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Өмүрканова: Түрмө балдарды тарбиялабайт...


Чүйдүн Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясы.
Чүйдүн Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясы.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кечээ Чүйдөгү №31 колониянын ички абалы менен таанышып чыккан соң өлкөдөгү жабык жайлар чукул реформаларга муктаж экенин баса белгиледи.

Мындан улам абактардагы абал боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Байкоочу кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканованы сөзгө тарттык.

"Азаттык": Өлкөдө канча абак бар? Эң эскилиги жеткен, шарты өтө начар түрмөлөр кайда?

Өмүрканова: Учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 32 абак кирет. Анын ичинде алтоо тергөө изолятору, калгандар колониялар жана жатак абактар. Ошондой эле Степное айылында аялдар үчүн түрмө, Вознесеновкада өспүрүмдөрдүн колониясы бар. Албетте ар бир түрмөнүн өз көйгөйлөрү бар. Бирок абалы салыштырмалуу өтө начар түрмө деп Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы №19 түрмөнү атайт элем.

"Азаттык": Кыргызстандагы абак жайларда ачкачылык акциялары, тополоңго чейин жеткен башаламандыктар болуп кетет. Ал тургай түрмөлөрдү кылмыштуу топтор башкарат деген маалымат эч кимге жашыруун эмес. Учурда Кыргызстанда түзөтүү жайлары кандай негизги реформаларга муктаж деп ойлойсуз?

Өмүрканова: Сиз айткан маселе абдан орчундуу болуп жатат. Баары эле билип-көрүп турат, түрмөлөрдө кылмыштуу топтордун ана башчылары баш көтөрүп жатканын. Бул багытта Жаза аткаруу кызматы жалгыз иштей албайт. Ошол себептен учурда ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Өткөн жылы ага бардык тартип коргоо органдарынын структуралары (милиция, прокуратура, Жаза аткаруу кызматы ж.б.) кошулган. 2012-жылдын 15-майында Өкмөттүн токтому менен жаза аткаруу кызматына байланышкан Улуттук стратегия кабыл алынган болчу. Анда негизги сегиз багыт бар. Мисалы, мыйзам базасын өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү. Ошондой эле мында абактарда отургандардын турмуш шартын оңдоо да бар.

"Азаттык": Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө абактагылардын 70-80 пайызы түрмөлөрдө кадимкидей иштешет, ар кандай товарларды өндүрүшөт. Кыргызстанда канча абакта ушундай мүмкүнчүлүк бар?

Өмүрканова: Кыргызстанда Советтер Союзу урагандан кийин абактарда кырдаал өтө начарлап кетти. Түрмөгө түшкөндөр эч нерсе жасабай, жөн эле отуруп, турмушка жарамсыз болуп, коомдон обочолонуп калышты.

Эки-үч жылдан бери бир топ иштер жасалды. Мисалы, аялдар колониясында соя чыгарган өндүрүшү, тигүүчү цехи бар. Кыргыздардын шырдагын, буюмдарын даярдашат. Кышында жөжө баккан цех да иштейт. Беловодск айылындагы колонияда да кирпич жасашат. №3 түрмөдө нан, макарон азыктарын чыгарышат.

"Азаттык": Премьер-министр Оторбаев белгилегендей, Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексин гуманизациялоо көптөн бери сунушталып келет. Бул реформа ишке ашса, абакка түшкөндөрдүн саны азаябы?

Өмүрканова: 14 жаштан 18 жашка чейин кылмыш кылган балдарга карата 15 жылга чейин эркинен ажыратууну кайтаралы деген сунуштар бар. Эл аралык стандарттар боюнча да, турмуштук тажрыйбаны байкап көрсөк да, биздин абактардагы шарттарда 15 эмес, атүгүл 5 жыл отурган бала тарбия албайт, жакшы болуп кетпейт, оңолбойт. Алар ошол жерде отуруп, өзүнө кылмыш идеологиясын сиңирип алышууда.

XS
SM
MD
LG