Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстан Тажикстандагы мектептерге кыргызча окуу китеп жөнөтүүдө


Тажикстандын аймагындагы кыргыз тилдүү мектептерге Кыргызстандан 13 500 даана окуу китептери бөлүндү. Аларды акысыз берүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин Мектептер башкармалыгынын башкы адиси Кенжекан Усупова билдирди. Тышкы иштер министрлиги китептердин 2000 нускасын дипломатиялык почта менен, калганын чек ара аркылуу жеткирет:

- Учурда окуу китептерин чек арадан өткөрүүнүн жолдорун издеп жатышат. Китептер биздин складда турат, - деди Усупова.

Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда кыргыз тилдүү мектептер бар. Кыргызстан аларга жогорку класстар үчүн “Кыргыз тили”, “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз адабияты” жана “География” китептерин берип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG