Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Баткендеги айланма жолду куруу 10-июлда уланат


Көк-Таш – Ак-Сай жолу курулуп жаткан жер. 12-январь, 2014-жыл.
Көк-Таш – Ак-Сай жолу курулуп жаткан жер. 12-январь, 2014-жыл.

Баткенде Тажикстандын Ворух айылын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушу 10-июлдан тарта уланмай болду. 7-майдагы чатак учурунда жабыркаган кыргызстандык жарандарга 7 миллион сомдук компенсацияны тажик тарап жакында төлөп берет. Бишкекте эки күндүк чек ара сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы ушундай болгонун "Азаттыкка" вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Кулунду - Максат көпүрөсүн куруу иши да уланат.

Чек арада улам чыккан чыр-чатактардын айынан жогорудагы объекттерди куруу токтоп калган. Кезектеги чек ара сүйлөшүүсү бүгүн Бишкекте жыйынтыкталды. Ага тажик тараптан вице-премьер-министр Муродали Алимардон катышты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG