Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Баткенде зыяратчыларды тандоо ыкмасына нааразылык чыкты


Бул тууралуу Баткен районунан быйылкы жылы ажыга барууга ниеттенип, бирок чүчү кулактан өтпөй калгандардын тобу “Азаттыкка” билдиришти. Алар ажыга баруучулардын тизмесин аныктоо иши компьютерде жүргүзүлгөнүнө нааразы болуп, ”программада фамилиялар алдын ала аныкталып коюлгандыктан өз кишилерге гана квота берилди” деп жатат.

Баткен районунун баш имам-хатиби Нуридин Мамасабыров бул айыптоону четке кагып, тандоо таза жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, Баткен районуна бөлүнгөн 54 орунга 129 киши талапкер болгон.

Муфтият коррупциялык иштерге бөгөт коюу максатында быйыл ажыга баруучуларды чүчү кулак аркылуу тандоо ыкмасын киргизген. Тандоо иштери Дин башкармалыгынын атайын штабынын жана Дин иштери боюнча комиссия өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн.

Быйыл Кыргызстандан 3680 адам ажыга барат. Баткен облусу боюнча 290 кишиге квота берилген.

Зыяратчыларды тандоо боюнча Ош облусунда да талаш пикирлер жаралууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG