Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кыргыз драма театрынын жабдуусу Түштүк Корея эсебинен оңдолот


Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жарык берүү системасы заманбап компьютердик техника менен жаңыртылат. Ал үчүн Түштүк Корея өкмөтү берген 180 миң доллар жумшалат. Бул тууралуу театрдын директору, Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев билдирди. Оңдоо иштери быйыл сентябрда башталат.

Түштүк Кореядан кайтарымсыз каражат алуу жөнүндө өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Сеулга жумушчу сапары менен барган учурда макулдашылган. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга мамлекет башчы 31-май күнү кол койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG