Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Жалал-Абадда айдоочулар нааразы болууда


Шаардык мэриянын алдындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын айдоочулары мекеменин мурдагы жетекчиси Кочкорбай Алдозовдун кызматтан алынышына нааразы болуп жатат. Алар Алдозовду кайра өз ордуна алып келүүнү талап кылып, мэрияга кайрылганын ишкананын каттам көзөмөлдөөчү адиси Арапбай Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Кайрылуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө да жазылган. Айдоочулар талаптары аткарылбаса иш таштоого барарын белгилешкен. Кайрылууга ишканадагы 26 айдоочу кол койгон.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери жана кадр маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова автобаза кызматкерлеринен кайрылуу келип түшө электигин, Алдозов атайын комиссиянын текшерүүсүнүн негизинде кызматтан четтетилгенин билдирди.

Автобазадагы 15 автобус 2 багыт боюнча жүргүнчүлөдү тейлейт, 30 айдоочу эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG