Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Тбилисинин мурдагы мэри аэропортто кармалды


Гиги Угулава
Гиги Угулава

Гиги Угулаваны бүгүн таң эрте Тбилисидеги эл аралык аэропортто ал Киевге саякатка аттанганда кармашканы айтылууда. Оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын шайлоо штабынын төрагасы Угулава мамлекеттик казынадан чоң суммадагы акчаны максатсыз пайдаланган деп айыпталууда.

Шаршембиде шаардык сот аны 30 миң долларга жакын күрөө акчаны төлөөгө уруксат бербей, паспортун тартып алган чечимин чыгарган. Мурдагы мэр өзү ага каршы тергөө иштери башталгандан бери бир канча ирет чет өлкөлөргө саякаттаган, бирок, прокурорлордун айтымында, бул ирет ал өлкөгө кайтууну пландаган эмес. Гиги Угулава өзүнө каршы аракеттин баарын “саясий иш” катары атап келатат.

XS
SM
MD
LG