Бишкектеги Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада өтүп жаткан көргөзмөгө улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүр-таржымалы жазылган макалалар, сүрөттөр, китептер жана ага берилген наамдар менен сыйлыктар тууралуу маалыматтар коюлган. Көргөзмө 1-августка чейин уланат.
Быйыл 1-июнда 96 жаш курагында көз жумган Жусуп Мамай 1918-жылы ал кездеги Чыгыш Түркстан, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. Ал "Манас" эпосунун сегиз урпагына чейин айткан.
30-майда манасчыга “Кыргызстандын Эл баатыры” деген жогорку наам жана "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. (SE)