Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Өзбек коопсуздук кызматында "тазалоо" жүрүүдө


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын эн белгиси.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын эн белгиси.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын 40 чакты кызматкери иштен четтетилген. Алар мыйзамсыз ишкердик кылган, коррупцияга катыштыгы бар жана мамлекеттик каражаттарды өздөштүрүүдө чеки иштерди жасаган деп айыпталууда.

“Азаттык” радиосунун Ташкенттеги бейрасмий булактарынын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматында кадрларды тазалоо жүрүүдө. Бул маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматындагы “тазалоого” кабылган 40 чамалуу кызматкер Жавдат Шарифкожоев жетектеген терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынын адистери. Жавдат мырза коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары, мамлекетин "кулагы" саналган түзүмдөгү эң жаш генерал Хайот Шарифкожоевдин бир тууган иниси. Өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү булак “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына береги кызматкерлер камалды деп ырастай албасын, бирок алардын кээ бирлери абакка отургузулду, башкалары үй камагында деп боолгоп жатканын айткан.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасына жакын булактын тастыкташынча, УККнын кызматкерлери камакка алынганы тууралуу маалымат “чындыкка жакын” жана Жавдат Шарифкожоев кызматынан бошотулуп, иши тергөөдө экен.

Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева өз булактарынан алган маалыматка таянып, бул окуяны Улуттук коопсуздук кызматы менен Ислам Каримовдун үй-бүлөсү арасындагы тымызын тирештин натыйжасы деп сыпаттайт:

- Жавдат Шарифкожоевдин кыйын абалга туш болгонун кеминде беш булак тастыктады. Ушу тапта бийликте кадрлар алмаштырылууда. Бул Каримовдун үй-бүлөсү менен Улуттук коопсуздук кызматы арасындагы тирешүүнүн кесепети. УККнын атайын операцияларын негизинен Хайот Шарифкожоев иниси Жавдат Шарифкожоевдин жардамы менен жүргүзгөн. Диссиденттерге жана ишкерлерге, анын ичинде жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго каршы иштерди, өзбек коомчулугунда уу-дуу жараткан бардык рейдерлик басып алууларды ага-инилер жетектеген.

Жавдат Шарифкожоев иштен айдалганы тууралуу президент Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова жети ай мурда Твиттерде жазган. Бул маалымат анда тастыкталган эмес болчу.

Учурда Парижде жашаган Надежда Атаеванын баамында жогорку эшелондогу күрөштөн буйрукту аткаруучулар жабыр тартууда:

- Бүгүн биринчи сокку Жавдатка урулду. Бул Хайот үчүн олуттуу сигнал. Биздин маалымат боюнча ал азыр “кылдын учунда турат”. Бир булактар Хайотту өргүүдө десе, башкалары үй камагында дешет. Улуттук коопсуздук кызматында да кадрлар тазаланууда. Эсептөөлөргө караганда 40тай адам кызматтан четтетилген, жумуш ордунда жок. Алардын нечеси үй камагында, нечеси абакта жана нечеси өлкөдөн качып кеткени беймаалым. Мунун өзү буга чейин желдеттин ролун аткарган адамдар катуу кысымга алынып жатканын жышааналайт.

Өзбекстандын Бажы комитетинин өткөн айда камакка алынган аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгынын акиминин орун басары Азиз Абдрахманов аги-ини Шарифкожоевдердин тууганы деген да маалыматтар чыккан. Бул башкармалыктын акими да камалган. Аким жана анын орун басарына өлкөгө товарларды аткезчилик жол менен алып кирүүгө эч кандай тоскоолдук кылган эмес деген күнөө тагылууда.

“Азаттык” радиосуна атын атабоону өтүнгөн булактардын билдиришинче, коопсуздук кызматтары өткөргөн операция кезде Бажы комитетинин 100гө жакын кызматкери камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук кызматынын абак жайында отурушат.

XS
SM
MD
LG