Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Атамбаев: Чыныгы исламды түшүндүрүүдө "Ыйманга" ишенич зор


Руханий маданият жана диний агартууда “Ыйман” фондуна зор ишеним артылат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушууда айтты.

- Фонддун ишмердиги өлкөдө исламдын чыныгы, тынчтыкка үндөгөн вазийпасын түшүндүрүүгө, диний ынтымакты бекемдөөгө жана диний экстремизмге каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөктөшүүгө багытталууга тийиш,- деди Атамбаев.

«Ыйман» фонду быйыл январь айында президенттин буйругу менен түзүлгөн. Ал жарандардын диний сабатын жогорулатып, конфессия аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоо, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү максатында түзүлгөнү айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG