Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Иракта барымтадагы түрк айдоочулары бошотула баштады


Өткөн айда Мосул шаарын басып алганда барымтага алган түркиялык 32 айдоочуну “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы бошото баштады. Бул тууралуу Түркиянын маалымат булактары кабарлашууда. Түрк айдоочуларын сунни согушкерлери Ирактын Күрд автономдук регионундагы Эрбил шаарына чейин алып келип, бийликтерге өткөрүп беришкени айтылат. Бошотулган айдоочулардын бири Түркиянын NTV телеканалына сүйлөп, барымтадагылардын биринин абалы оор экенин айтты. Июнда Мосулга чабуул маалында согушкерлер Түркиянын консулдугуна да чабуул коюп, консулду жана кызматкерлерди кошкондо жалпысынан дагы 49 кишини уурдап кетишкен. Алар жөнүндө азырынча маалымат жок. “Ал-Каида” менен туташ ал топ эми “Ислам мамлекети” деп аталууну каалап, өздөрү буга чейин Иракта жана Сирияда басып алган аймактарда “халифат” жарыялаган.

XS
SM
MD
LG