Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Иракта 32 түрк айдоочусу барымтадан бошотулду


Өткөн айда Мосул шаарын басып алганда барымтага алган түркиялык 32 айдоочуну “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” кыймылы бошотту. Маалыматты Түркиянын тышкы иштер министрлиги ырастады. Түрк айдоочуларын сунни согушкерлери Ирактын Күрд автономдук регионунун бийликтерине өткөрүп беришти. Июнда Мосулга чабуул маалында согушкерлер Түркиянын консулдугуна да чабуул коюп, консулду жана кызматкерлерди, жалпысынан дагы 49 кишини уурдап кетишкен. Алар жөнүндө азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG