Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Ысык-Көлгө кошумча аба каттамдары ачылды


Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы айылы.
Ысык-Көл эл аралык аба майданы, Тамчы айылы.

Казакстандын дагы бир аба жолдору ишканасы Алматыдан Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүнө аба каттамын жүргүзө баштады.

"СКАТ" авиакомпаниясы Алматы – Тамчы – Алматы аба каттамын дүйшөмбү жана жума күндөрү таңга маал аткара баштады. Бул тууралуу "Компас" саякат агенттиги кабарлады.

Казак туристтерин тейлеген чартердик рейсти 120 жүргүнчү оруну бар ЯК–42 учагы ишке ашырат.

Алматы менен Тамчынын учуу аралыгы 89 чакырым. Учуу убактысы – 40 мүнөт. Алматы – Тамчы – Алматы аба каттамы 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, Алматы шаарынан Ысык-Көлдөгү Тамчы кыштагына Казакстандын "Бек Эйр" аба жолдору компаниясы аптасына эки жолу "Фоккер–100" учагы менен каттайт. (BAz)

XS
SM
MD
LG