Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Ирак: Күрдстан региону референдумга даярданат


Ирактын Күрдстан автономиясынын лидери регионалдык парламентти көз карандысыздык боюнча референдумга даярдык көрүүгө үндөдү. Масуд Барзани бул үчүн парламентти көз карандысыз шайлоо комиссиясын түзүүгө чакырганын депутаттардын бири кабарлады. Барзани парламенттен референдумдум күнүн аныктоону сураганы да айтылууда. Жакында эле маалымат каражаттарындагы маегинде Барзани өзү референдумду жакынкы айларга белгилөөнү каалай турганын билдирген. Иракта сунни согушкерлери өткөн айда өлкөнүн түндүгүндө айрым аймактарды басып алышканда күрд аскерлери Киркукту ээлеп алышкан.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики болсо кечээги билдирүүсүндө Күрдстан регионалдык өкмөтү басылып алынган аймакка көзөмөл жүргүзөт деген билдирүүнү четке кагаарын айткан.

XS
SM
MD
LG