Ага Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты. Коргоо министрлери КМШнын алкагында кызматташуу маселесин талкуулашат. Кыргызстандын коргоо министри 10-июнда ЖККУнун Москвадагы жыйынына катышкан. Анда Кудайбердиев Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөргөн. (AiT)