Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

АКШ: Иран ядролук мүмкүнчүлүктөрүн кыскартууга барыш керек


АКШнын жогорку даражалуу кызматкери эгерде Иран ядролук келишимге жетишкиси келсе, анда ал уранды байытуу потенциалын кыскартууга барыш керек деп билдирди. 3-июлда Венада Ирандын ядролук программасы боюнча Иран жана алты ири мамлекеттин сүйлөшүүсү башталды. Алар 20-июлга карай кеңири алкактагы келишимге жетишүүнү белгилешкен.

Алты ири мамлекет атомдук курал жасоо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу Иранды ядролук программасын кыскартууну талап кылса, Иран программасы тынчтык мүнөздө экенин билдирүүдө. Бул арада Европа Биримдигинин соту Ирандын Тегерандагы Шариф технологиялык университетине киргизилген санкцияны алганы маалымдалды. (AiT)

XS
SM
MD
LG