Бүгүн кечинде Бишкекте We'LL Be командасына колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн концерт өтөт. Hip Hop стилинде бийлеген жети баладан турган бул бишкектик топ жакында Лас-Вегаста World Hip Hop International Сhampionship сынагына катышканы жатат.
We'LL Be тобунун бүгүнкү концертине Гүлнур Сатылганова баштаган атактуу ырчылар, бийчилер, КВН командалары катышат. (RK)