Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү сентябрга чейин оңдолуп бүтөт


Бишкектин Бөкөнбаев атындагы көчөсүнүн Манас проспектинен Жаш Гвардия булварына чейинки аралыгында жүрүп жаткан оңдоо иштери сентябрга чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардын капиталдык курулуш башкармалыгынан жетекчи орун басары Абдыжапаркул Жанболотов кабарлады.

Эки ай мурун Манас проспектинен Некрасов көчөсүнө чейинки аралык оңдоо үчүн жабылган болчу. Жолдун эскилиги жетип, унаа айдоо дээрлик мүмкүн болбой калган.

Учурда Токтогул көчөсү да оңдолууда. Шаар боюнча 60 көчөдө асфальтты жамоо иштери жүрүп жатат. Ошого байланыштуу эртең менен жана кечкисин чоң көчөлөрдүн кесилишинде тыгындар пайда болууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG