Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Иракта авиасоккулардан 30 согушкер жок кылынды


Ирак расмийлери билдиргендей, өкмөттүк күчтөрдүн авиасоккуларынан бери дегенде 30 согушкер жок кылынды. Алар өлкөдөгү эң ири мунай иштетүүчү заводду басып алууга далалат жасап жатышкан.

Ирактын терроризмге каршы күрөшкөн кызматынын өкүлү Сабах ал-Нуаман авиасоккулар “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” ("ИЛим") радикалдык тобунун согушкерлерин көздөй багытталганын билдирди. Радикалдык топтун мүчөлөрү Багдаддан 250 чакырым алыс жайгашкан Бейжи шаарын басып алууну көздөп жаткан.

“ИЛим” радикалдык тобу Ирактын түндүгү жана батышындагы бир нече аймакты басып алган.

XS
SM
MD
LG