Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Казакстандан курал алып кирүүгө аракеттенгендер кармалды


Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кыргыз-казак чек арасынан өлкөгө курул-жарак алып кирүүгө аракеттенген казак жарандары кармалды. Кечээ, 3-июлда Чалдыбардагы өткөрмө бекетте текшерүү учурунда Toyota машинасына катылган ичинде 50 огу бар ТОЗ-8 мылтыгы, электрошокер жана 18 бөтөлкө спирт табылды. Ошол эле күнү "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде 4 огу бар МР-461 тапанчасын катып алып өтүүгө аракеттенген казак жараны кармалган.

Ал эми ага чейин, 2-июлда кыргызстандык жаран казак тарапка МР травматикалык тапанчасын алып кирүүгө ниеттенген.

Кармалган жарандар жана курал-жарак атайын кызматка өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG