Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Балдардын онкология бөлүмүндө дары тартыш


Улуттук онкологиялык борбордун Балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакованын "Азаттыкка" айтымында, бөлүмдө дары-дармек жетишсиз болууда. Мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөнү менен аталган бөлүмгө дары алып келүү тендерине чет элдик фармацевтика компаниялары катышпай жатат.

40 орундук балдар бөлүмүндө азыр рак илдети менен ооруган 17 жашка чейинки балдар дарыланууда. Алардын көпчүлүгү күн сайын химия терапиясын алууга мажбур. Бирок убагында дары алынбаса балдардын саламаттыгы коркунучта экенин айтты Байзакова. Кыргызстанда жалпысынан рак илдетине чалдыккан 300дөй бала каттоодо турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG