Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Чек ара коопсуздугу талкууланды


Бүгүн Чек ара кызматы жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды. Жыйынга өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Чек ара кызматынын борбордук жана аймактардагы жетекчилери катышты. Коңшулар менен чек араны тактоо, жергиликтүү тургундар менен байланыш түзүү, техникалык камсыздоо, аскерлердин тартиби, кызматкерлердин айлык акысы сыяктуу маселелер талкууланды.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин "Азаттыкка" айтымында, учурда чек ара коопсуздугун камсыз кылууга аскерлер саны жетиштүү:

- Сырттан коркунуч болсо ага туруштук берүүгө аскерлерибиз жетиштүү. Саны да бир топ көбөйдү. Жада калса бош орундар да бар.

Буга чейин мамлекет жетекчилиги чек арачылардын саны жетишсиз экенин айтып келген болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG