Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

6-июлга карата аба ырайы


6-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ал эми калган аймактардын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Башка жактарда жаан-чачын жок. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG