Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын айрым токойлорундагы өрт чыгуу коркунучу тууралуу эскертти. Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын жана Жети-Өгүз райондорунда өрт чыгуу коркунучу орточо деп бааланууда. Ал эми Аламүдүн жана Токтогул райондорунда мындай коркунуч дээрлик жок. (RK)