Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы 5 шайлоо аймагында мыйзам бузуулар боюнча арыздар келип түшкөн. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, 18-майдагы айылдык кеңешине шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар катталганын тастыктады. Буга байланыштуу райондогу "Учар", “Жапалак", "Дыйкан-Кыштак-1", "Дыйкан-Кыштак-2", "Дыйкан-Кыштак-3" шайлоо аймактарындагы добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул боюнча мыйзам бузууга жол берген адамдарды жоопко тартуу үчүн тиешелүү документтер Башкы прокуратурага жиберилди. Эми аталган аймактарда кайрадан шайлоо өтүшү керек. (BkA)