Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

АКШ Иерусалимде өз жараны сабалышына тынчсызданды


АКШ Чыгыш Иерусалимдеги тополоң учурунда америкалык өспүрүмдү Израил полициясы ур-токмокко алышын айыптады. Токмоктолгон өспүрүм 2-июлдагы тополоңдо каза болгон палестиналык жигиттин тууганы болгон. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 15 жаштагы Тарик Хдайрды полиция кармоо учурунда сабаганына “терең тынчсызданганын” билдирди. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки Вашингтон кандай гана күч колдонуу болбосун каршы экенин билдирип, Израил бийлигин бул окуяны тезинен териштирүүгө чакырды. Флоридада жашаган Тарик Хдайр Иерусалимде жайкы эс алуусун өткөрүп жүргөн.

Иерусалимдин чыгыш жагында жана Израилдин түндүгүндөгү арабдар жашаган аймакта полиция менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу катталууда. Палестиналыктар 16 жаштагы араб жигитин израилдиктер "өзүлөрүнүн үч окуучу баласынын өлүмү үчүн өч алуу максатында өлтүрдү" деп айыптоодо. Анын сөөгү шаршемби күнү Иерусалимде табылган болчу.

XS
SM
MD
LG