Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кенияда согушкерлердин кол салуусунан 18 адам мерт кетти


Буга чейин набыт болгондордун саны 13 деп кабарланган. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Кызыл Чырым уюмунун жергиликтүү бөлүмүнө шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, Тана Ривер провинциясындагы Гамба районунда согушкерлер полиция участогун аткылап, бир нече үйдү өрттөп жиберген. Андан 9 адам мерт кетти. Дагы 10 адам Ламу аймагында соода борборуна чабуул учурунда каза болду.

Кол салууларга жоопкерчиликти “ал-Каида” менен байланышы бар “ал-Шабаб” террорчу уюму өзүнө алды. Сомалиде түзүлгөн бул уюм акыркы мезгилде Кенияда чабуулдарды жасап жатат. Бул кениялык аскерлердин Сомалинин түштүгүндөгү антитеррордук операцияларга катышканы үчүн өч алуу деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG