Бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Сузак районундагы чек ара тилкеси менен таанышты. Анда Маматалиев Кара-Дарыя сайынын жээктерин бекемдөө учурунда Өзбекстанга өтүп кетти делген аймакта болуп, дамбанын курулушун көрдү.
Кара-Дарыя сайы аркылуу Өзбекстан менен Сузактын 2 айыл аймагы чектешип турат. Маалыматка караганда, 1986-жылы түзүлгөн картага ылайык кээ бир аймактарда чек ара тилкеси сайдын Кыргызстан тарабындагы бөлүгүнөн өтөт. Мындан улам “өзбек тараптын дамба курулушунан улам Кыргызстанды көздөй чек ара сызыгы жылды деген маалымат чындыкка жатпайт”, - деди вице-премьер.
Жалал-Абаддын Сузак району Өзбекстан Республикасы менен 60 чакырымдан ашык аралыкта чектешип, бүгүнкү күндө 2 чакырым аймак талаштуу болуп чечилбей келет. (RsK)