Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Баткенде чек арадагы жолдор боюнча келишим түзүлөт


Баткенде жаңыдан салынып жаткан Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ворух-Исфара жолунун жаңы бөлүгүн пайдалануу шарттарын аныктоо боюнча келишим түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, мындай келишимди түзүү ушул аптада Бишкекте жолуккан чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясында макулдашылган. Ага ылайык, 7-июлдан тарта эки өлкөнүн эсперттик топтору Тажикстандын Кайра-Кум шаарында келишимди түзүү боюнча иштеп баштайт. Искандаровдун билдиришинче, Кыргызстандан 5 адистен турган эксперттик топ бүгүн Тажикстанга жөнөп жатат.

- Бул жолдор курулган соң андагы коопсуздук кандайча сакталат, кимдер пайдаланууга укуктуу болот? Мына ушул маселелердин баары алдыда түзүлчү келишимде камтылат, - деди Искандаров.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуудан соң жол курулушу токтоп калган. Ушул аптада бул боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда жолдун курулушун 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлганын кыргыз бийликтери кабарлады. Мындан сырткары жолугушууда Ворух анклавынын тургундарына кыргыз айылдарын айланып өтүп, Тажикстандын аймагы менен туташтырчу жол куруу боюнча макулдашылган. Бул жолду кыргыз өкмөтү курат. Келишимдин негизинде ал жолду тажик жарандары пайдаланып турмакчы.(BkA)

XS
SM
MD
LG