Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Ооган өкмөтү Facebookту жабуу сунушун четке какты


Ооган өкмөтү өлкөдөгү президенттик шайлоого байланыштуу Facebook социалдык тармагын убактылуу жабуу сунушун четке какты. Ооган президентинин администрациясынын өкүлү Фаек Вахеди France-Presse агенттигине мындай чечим жекшембиде Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынганын билдирди.

Өткөн аптада сенаторлор өкмөттү шайлоо жыйынтыгы чыгып, жаңы президент ант бергенче Facebookту убактылуу жаба турууну сунушташкан. Алардын жүйөсүндө, президенттикке талапкерлер Ашраф Гани менен Абдулла Абдулланын тарапкерлери социалдык тармактагы кайым айтышы өлкөдөгү этникалык абалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн.

Мурдагы тышкы иштер министри жарымы тажик, жарымы пуштун Абдулла өлкөнүн түндүгүндөгү тажиктердин күчтүү колдоосуна ээ. Ал эми пуштундардын өкүлү Ганини Ооганстандын түштүгү менен чыгышы колдойт.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгын 7-июлда жарыялашы керек. 14-июнда өткөн шайлоонун экинчи турунан соң Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылган. Ал Ганиге “болуп көрбөгөндөй көз боёмочулук менен эки миллиондон ашык жасалма добуш берилди” деп атаандашын айыптаган. Гани бул айыптоолорду четке кагып, шайлоо салыштырмалуу таза өттү деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG