Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Абдулла шайлоонун жыйынтыгын жарыялоону дагы жылдырууну сунуш кылды


Ооганстанда президенттикке талапкер Абдулла Абдулла бурмалоолор болгон деп шектелген участоктордогу добуштарды кайра санап чыгуу үчүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялоону дагы башка күнгө жылдырууну сунуш кылды. Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясы буга чейин жыйынтыктарды жарыялоону бир нече күнгө которгон. Абдулла айрым учасктоктордо атаандашы Ашраф Ганинин пайдасына бюллетендер тобу менен салынганын айтып арызданган.

Алгачкы жыйынтыктар 7-июлда белгилүү болот деп күтүлүүдө. Абдулла анын азыркы талабы аткарылбаса, жыйынтыктарды четке кагаарын эскертти.

Гани болсо 14-июнда өткөн экинчи айлампанын жыйынтыктарын дагы жылдыруу туура эмес болот деп эсептейт.

Хамид Карзайдын ордун ким басаары 24-июлда белгилүү болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG