Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Израилде палестиналык өспүрүмдүн өлүмү үчүн шектелгендер кармалды


Израил бийлиги палестиналык өспүрүмдү уурдап өлтүрүү үчүн шектелген 6 жөөт экстремист кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөчүлөр кылмыш “улутчулдуктун” негизинде жасалган деген бүтүмгө келишти.

16 жаштагы Абу Худаирди өткөн жумада уурдап кетишкен. Анын сөөгү көп узабай Иерусалимдин жанындагы токойдо табылган.

Палестиналыктар бул - өткөн айда Иордан дарыясынын батыш жээгинде уурдалган израилдик 3 баланын өлүмү үчүн улутчулдардын өч алуусу деп эсептешет. Алардын сөөктөрү өткөн жумада табылган.

XS
SM
MD
LG