Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

“Жаңы муун” кыймылы эл аралык коомчулукка кайрылат


Жаштардын түрдүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү бийликти сындагандарга карата кысым күчөгөнү тууралуу эл аралык коомчулукка кайрылат. Алар бүгүн маалымат жыйын куруп, оппозициялык маанайдагы жаштарга болгон соңку аракеттерди журналисттер аркылуу дүйнө коомчулугуна билдирмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймыл мүчөсү Мавлян Аскарбеков билдирди.

“Жаңы муунга” мүчө жаштар Ошко газ алып келүү талабы менен 9-июнда Ак үйдүн жанында “Тезекпром” аттуу акция өткөргөн. 3-июль күнү Баткендеги чек ара көйгөйлөрүн чечүү талабы менен “Шералынын чокойу” аттуу акция уюштурушкан. Эки иш-чарада тең катышуучуларды милиция кармап кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG