Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

АКШга саякаттаган кыргызстандыктар Ошто чогулду


Билим берүү жана маданий тармактар боюнча түрдүү программалардын негизинде Америка Кошмо Штаттарына барып келген кыргызстандыктар өткөн жума соңунда Ош шаарында топтолушту. Иш-чараны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демилеси менен Youth of Osh коомдук бирикмеси уюштурду. Ага соңку 20 жыл ичинде Американы кыдырып келгендер чакырылган.

Түрдүү штаттарга барып тажрыйба алмашкан кыргызстандыктар азыркы жасап жаткан иштери тууралуу бир бирине айтып беришти жана мындан ары чогуу ишке ашыра турган долбоорлорду талкуулашты. Соңунда Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү көчөт өстүрүүчү мекемеге барып, ар бири бирден арча тигишти.

АКШга барып келген кыргызстандыктардын жолугушуусу 13-жолу өткөрүлүп жатат. Ал жыл сайын Бишкекте уюштурулуп, көбүнчө Чүй облусу менен Бишкекте жашагандар катышчу. Быйыл башка жылдардан айырмаланып, Ошко Кыргызстандын бүт аймагынан өкүлдөр келди.

Америкага барып тажрыйба алмашып келүүгө багытталган онго жакын программа иштейт. Эгемендик жылдар аралыгында алардын негизинде эки миңдей кыргызстандык АКШга барып келген. Арасында маданий тармактан тарта мамлекеттик башкарууда иштегендер да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG