Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

ЖОЖдорго студенттерди кабыл алуу башталды


Бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларда кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-июлга чейин кабыл алуунун биринчи туру, 14-июлдан 19-июлга чейин экинчи туру өтөт. Бул күндөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер андагы жыйынтык талондорун окуу жайларга тапшырат. Быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, университеттерде акысыз билим алуу үчүн эң төмөнкү балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 50 миңге жакын мектеп бүтүрүүчүсү катышты.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG