Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Өкмөт Stans Energy боюнча доо арыз жолдойт


Кыргыз өкмөтү Stans Energy компаниясынын арызы боюнча Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраждын чечимине макул эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30-июнда Москвадагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча канадалык Stans Energy компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан. Бирок өкмөт өкүлдөрү аталган арызды Москвадагы арбитраж сотунун кароого укугу жок экенин билдирип, анын үстүнөн доо арыз жолдоого камынып жатат.

Stans Energу компаниясынын жүйөсүндө, өкмөт Куттуу-Сай, Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүү укугун мыйзамсыз токтотуп койгон. Бирок өкмөт аталган дооматты четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG