Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

“Жаңы муун” кыймылы басымды токтотууга чакырды


Жаштардын түрдүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү бийликти сындагандарга карата кысым күчөгөнүн айтып чыгышты. Кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун айтымында, Кыргызстан демократиялык баалуулуктардан тайып, бийликке каршы пикирин айтып чыккандарды куугунтуктоо күчөп жатат. Мындан улам жаш активисттер бийликти мындай куугунтуктарды токтотууга чакырды.

“Жаңы муунга” мүчө жаштар Ошко газ алып келүү талабы менен 9-июнда Ак үйдүн жанында “Тезекпром” аттуу акция өткөргөн. 3-июль күнү Баткендеги чек ара көйгөйлөрүн чечүү талабы менен “Шералынын чокойу” аттуу акция уюштурушкан. Эки иш-чарада тең катышуучуларды милиция кармап кеткен.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG