Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

“Боко Харам” уурдаган кыздардын 63ү качып кетти


Кыздарды эки апта мурун барымтага алган согушкерлер дем алыш күндөрү Нигериянын армиясына каршы чабуулга барышкан. Кыздар ошол маалда качып кеткенге үлгүргөн болушу мүмкүн деп жатышат. “Боко Харам” кыргызчага которгондо “Батыш билими арам” дегенди билдирет. Исламчыл радикал кыймыл кыздарды июндун ортосунда түндүктөгү Борно штатындагы айылдарга кол салганда уурдаган.

Апрелде болсо алар 276 кызды жатаканадан барымтага алып, алардын 57си кийинчерээк качып кутулганга жетишкен болчу. Калганынан дале дайын жок. Өкмөт менен аскерлердин ал кыздарды куткара алышпаганы Нигериянын өзүндө жана дүйнөдө бир топ нааразылыкты жаратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG